Министрлер кабинети юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында “халал” жана “адал” сөздөрүн колдонууга тыюу салууну сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, диний мүнөздөгү сөздөрдүн жана терминдердин тизмесине “Халал (адал) — исламда уруксат берилген” деген аныктама киргизилип, аны компаниялардын аталыштарында колдонууга чектөө киргизүү каралган.
Долбоордун негиздемесинде учурда өлкөдө аталышында “халал” же “адал” сөздөрү бар 120дан ашуун юридикалык жак катталганы айтылат.
Экономика жана коммерция министрлиги айрым компаниялар бул терминдерди халал продукциясын өндүрүүгө же халал кызмат көрсөтүүгө тиешеси жок болсо да коммерциялык максатта пайдаланып жатканын белгилейт. Мекеменин пикиринде, мындай көрүнүш керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле Кыргызстанда халал продукциясын өндүрүү жана халал кызматтарды көрсөтүү тармагын жөнгө салган мыйзам иштеп жатканы белгиленет. Ага ылайык, “халал” термини белгиленген талаптарга жооп берген жана тиешелүү тастыктамасы бар товарлар менен кызматтарга гана карата колдонулушу керек.
Токтом долбоору Юстиция министрлиги жана президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен макулдашылган. Агенттик “халал” жана “адал” сөздөрүнүн диний мааниге ээ экенин ырастаган.
Эгер документ кабыл алынса, мындан ары жаңыдан каттала турган компаниялар өз аталыштарында “халал” жана “адал” сөздөрүн колдоно албай калышат.



