Башкы беткеМаданиятАк-Бууранын суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды

Ак-Бууранын суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды

Ош шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган “Биримдик кербени” аймактык долбоорунун алкагында Ак-Буура дарыясынын суусун урматтоо жана узатуу аземи өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары катышты.

Долбоордун алкагында Ош шаарынын атынан бир баатыр жана он элчи тандалган. Шаардын баатыры болуп улуттук күрөш боюнча спорт чеберчилигине талапкер, машыктыруучу жана улуттук оюндардын жеңүүчүсү Акжол Токтомушов аныкталган.

Салтанат учурунда Акжол Токтомушов Ак-Буура дарыясынын башатынан алынган сууну атайын көөкөргө куюп, элчилер менен бирге Бишкек шаарына жөнөп кетти. Делегация 31-августта өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышып, Оштон алып келген сууну тапшырат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, өлкөнүн жети дубанынан чогултулган суулар оюндардын алкагында бир идишке куюлуп, кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин жана жалпы улуттук баалуулуктарын символдоштурат.

Долбоор кыргыз элинин маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын жана элдин биримдигин даңазалоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар