Улуттук илимдер академиясында 16 миңге жакын сөздү камтыган “Байыркы кыргыз тилинин сөздүгүнүн” бет ачар аземи өттү.
Маалыматка ылайык, сөздүк 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында даярдалган. Анда Енисей, Орхон, Монголия жана Талас аймактарынан табылган байыркы жазма эстеликтерден, Орто кылымдардагы кыпчак жазма мурастарынан, ошондой эле академик Василий Радловдун сөздүктөрүнөн кыргыз сөздөрү иргелип топтолгон.
Иш-чаранын алкагында Эл аралык Түрк академиясы тарабынан жарык көргөн бир катар эмгектер да коомчулукка сунушталды. Алардын катарында “Түрк тилдеринин лингвистикалык терминдер сөздүгү”, “Түрк тилдеринин эл аралык мамилелер жана дипломатия терминдеринин сөздүгү”, “Түрк тилдеринин маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект терминдеринин сөздүгү”, ошондой эле академик С.Ж. Мусаевдин “Мезгил жалындагы ойлор” аттуу эмгеги бар.
Адистердин белгилешинче, жаңы басылмалар кыргыз тилинин тарыхый мурасын терең изилдөөгө, түрк тилдеринин терминологиялык фондун байытууга жана маалыматтык технологиялар менен жасалма интеллект тармагындагы заманбап түшүнүктөрдү системалаштырууга көмөк көрсөтөт.
Иш-чаранын негизги максаты кыргыз тилинин тарыхый мурасын сактоо, анын терминологиялык базасын өнүктүрүү жана илим менен технологиянын тили катары өркүндөтүү багытында аткарылган иштердин жыйынтыктарын коомчулукка тааныштыруу болду.



