Башкы беткеМинистрлер кабинетиГрузиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келди

Грузиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келди

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга биринчи расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу конокту Манас эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгиленгендей, бул дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузия өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Сапардын алкагында кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар