Башкы беткеКоомКызыл-Кыяга жаңы томография аппараты орнотулду

Кызыл-Кыяга жаңы томография аппараты орнотулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна компьютердик томография (КТ) аппараты орнотулду. Жаңы жабдуу мекеменин өз каражатына сатылып алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул Баткен облусундагы мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан өз эсебинен алынган алгачкы жогорку технологиялуу томография болуп саналат.

Буга чейин КТ аппараты Кадамжай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында орнотулган. Жаңы аппараттын ишке кириши аймак тургундарына заманбап диагностикалык кызматтарды жеткиликтүү кылып, ооруларды эрте аныктоого шарт түзөт.

Ошондой эле Кызыл-Кыядагы КТ текшерүүсүнүн баасы жеке менчик клиникаларга салыштырмалуу төмөн болору белгиленүүдө. Бул Баткен облусунун тургундары үчүн жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды жеткиликтүүрөөк кылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар