Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Грузиянын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Грузиянын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий сапарынын алкагында Бишкеке келген Грузиянын Премьер-министринин орун басары — Тышкы иштер министри айым Мака Бочоришвили менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири карап чыгып, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Грузиянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кыргыз тарапты Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Мындан тышкары, М. Бочоришвили аталган шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев грузин тарапты 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана бардык деңгээлдерде жигердүү диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар