Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда айрым аймактарда мототранспорт каражаттарына чектөө киргизилди

Кыргызстанда айрым аймактарда мототранспорт каражаттарына чектөө киргизилди

Экосистемаларды сактоо жана жаратылыш ландшафттарынын бузулушун алдын алуу максатында Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парктык-пляждык зоналарда жана жайыттарда тыюу салынат.

Ошол эле учурда чектөө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кыймылга тиешелүү эмес. Мындан тышкары, экологиялык туристтик маршруттарды, экскурсиялык жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук жаратпайт.

Токтом мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө да чектөө киргизбейт. Чечим жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу максатында кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар