Президент Садыр Жапаров дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууну жөнгө салган жарлыкка кол койду. Документке ылайык, өлкөдө бир жылдык мөөнөткө дары-дармек менен камсыздоонун убактылуу укуктук тартиби киргизилет.
Жаңы механизмдин негизги максаты – калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу, борборлоштурулган сатып алууларды өркүндөтүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу.
Жарлыкка ылайык, негизги дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси акыркы үч жылдагы саламаттык сактоо мекемелеринин муктаждыктарынын негизинде түзүлөт. Борборлоштурулган сатып алууларда ата мекендик өндүрүштөгү дары-дармектерге артыкчылык берилет.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине дары-дармек менен камсыздоонун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасын түзүү тапшырылды. Платформа аркылуу сатып алууларды жүргүзүү, кампалардагы кунун көзөмөлдөө жана дары-дармектердин кыймылын реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү мүмкүн болот.
Мындан тышкары, медициналык мекемелерди жабдуу боюнча бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу жана борборлоштурулган сатып алуулар системасын өркүндөтүү чаралары каралган. Жарлык расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.



