Башкы беткеКоом"Жалал-Абад" аэропорту нөлдөн баштап курулуп жатат

“Жалал-Абад” аэропорту нөлдөн баштап курулуп жатат

Манас шаарындагы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.

Анын айтымында, аэронавигация жана Мамлекеттик агенттик тарабынан бардык даярдык иштери аяктап, учуп-конуу тилкесинин орду аныкталып, тиешелүү документтер толугу менен бекитилген.

“Бул – өзгөчө долбоор. Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан биринчи жолу аэродромду нөлдөн баштап өз күчү менен куруп жатат. Долбоорду дүйнөлүк учуу коопсуздугунун стандарттарына ылайык даярдоого эл аралык компаниялар тартылган. Аэропорт өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени ал Кытай менен түштүк чек арага жакын жайгашкан”, — деди Бостонов.

Ал ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө Кытай менен экинчи аба коридору ачылганын эске салды. Анын белгилешинче, бул багыттагы тоолор Каракол тарапка салыштырмалуу төмөн болгондуктан, учуулар кыскараак, ыңгайлуураак жана коопсузураак болот.

Бостоновдун айтымында, Манастагы жаңы аэропорт келечекте жүк ташуучу хаб катары да чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары, Кыргызстандын авиациясы Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарылганы бул аэропорттун өнүгүүсүнө кошумча шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар