Башкы беткеДүйнөАКШ менен Иран элдеши жана Ормуз кысыгынын ачылышы дүйнөгө кандай таасир берет?

АКШ менен Иран элдеши жана Ормуз кысыгынын ачылышы дүйнөгө кандай таасир берет?

          Дүйнө коомчулугу күтүп жаткан АКШ менен Ирандын бир келишимге келүүсү, Ормуз кысыгынын ачылуусунун таасири тууралуу мурунку элчи, саясий ишмер Толон Турганбаевдин ой-пикирин сунуштайбыз. 

2026-жылдын 14-июну акыркы жылдардагы эң кооптуу эл аралык кризистердин биринде бурулуш учур катары тарыхка кирди. АКШ президенти Дональд Трамп жана сүйлөшүүлөрдө негизги ортомчу болгон Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Ирандын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн жарыялашты.

Үч айга созулган жана Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан жаңжалдын токтошу дүйнөлүк саясатта чоң окуя катары бааланууда. Макулдашуунун толук тексти азырынча жарыялана элек болсо да, анын негизги шарттары белгилүү болду.

Келишим эмнелерди камтыйт?

Макулдашууга ылайык, тараптар бардык багыттар боюнча аскердик аракеттерди токтотууга макул болушту. Бул Ливандагы кагылышууларга да тиешелүү.

Ошондой эле АКШ апрель айында киргизген Ирандын деңиз портторуна карата блокаданы алып салат. Мындан тышкары дүйнөлүк энергетика үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ормуз кысыгы кайрадан эл аралык кеме каттамдары үчүн ачылат.

АКШ президенти Дональд Трамп бул чечимди жарыялап жатып: “Дүйнөнүн кемелери, кыймылдаткычтарыңарды иштеткиле. Мунай кайра агат!” — деп билдирген.

Тараптар Ирандын өзөктүк программасы боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болушту. Анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген айрым экономикалык санкциялар жеңилдетилиши мүмкүн.

Эми эмне болот?

Тынчтык келишимине расмий кол коюу аземи 19-июнда Швейцарияда өтөрү күтүлүүдө. Ага чейин Пакистан менен Катардын ортомчулугунда техникалык сүйлөшүүлөр уланат. Бирок Иран жетекчилиги азырынча этият позицияны карманууда. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади келишимге кол коюу АКШга ишеним артылганын билдирбей турганын белгиледи.

Мындан тышкары Израилдин позициясы дагы маанилүү бойдон калууда. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөсү Ливандагы операцияларын токтотууга милдеттүү эмес экенин билдирген.

Ормуз кысыгы эмне үчүн маанилүү?

Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Дүйнөлүк мунай экспортунун дээрлик үчтөн бири ушул аймак аркылуу ташылат.

Акыркы айларда кысыктын жабылышы мунай баасынын өсүшүнө, дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздукка жана энергия коопсуздугуна байланыштуу кооптонууларга алып келген.

Эми анын кайра ачылышы мунай рыногундагы басымды азайтып, баалардын турукташуусуна шарт түзүшү мүмкүн. Бул өзгөчө мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн маанилүү.

Кесепеттери жана келечеги

Бул макулдашуунун жетишилиши көп баскычтуу жана татаал дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгы болду. Ортомчулук процессинде Пакистан менен Катар өзгөчө роль ойноп, аларга Сауд Арабиясы жана Түркия сыяктуу аймактык державалар да активдүү катышты. Бул жагдай эл аралык сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматы калыптанып жатканын көрсөтөт. Анда салттуу дүйнөлүк күч борборлору мурдагыдай жалгыз аракеттенбестен, аймактык оюнчулар дагы маанилүү ролду аткара баштады.

Белгилей кетчү жагдай, келишим тууралуу биринчи болуп Пакистандын премьер-министри билдирүү жасап, АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышуунун токтотулушу гана эмес, Ливанды кошкондо башка багыттардагы аскердик аракеттердин да токтошу тууралуу маалымат берген. Бул окуяны жөн гана жергиликтүү чыңалууну басаңдатуу эмес, жалпы Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук кырдаалын турукташтырууга багытталган аракет катары баалоого негиз берет.

Макулдашуунун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири — Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамдарынын кайра жанданышы. Бул тар деңиз жолу аркылуу дүйнөлүк мунай экспортунун үчтөн бирине жакыны ташылат. Акыркы айларда кысыктын жабылышы дүйнөлүк энергетикалык рынокто баалардын өсүшүнө жана инвесторлор арасында кооптонууга алып келген. Кемелердин тоскоолдуксуз жана кошумча төлөмдөрсүз өтүүсүнүн калыбына келиши тараптардын аскердик жаңжалды токтотуу менен бирге анын дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга умтулуп жатканын көрсөтөт. Бул мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн баалардын турукташуусуна шарт түзсө, экспорттоочу мамлекеттер үчүн эл аралык сооданын алдын ала болжолдонгон шарттарына кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошол эле учурда тараптардын оптимисттик билдирүүлөрүнө карабастан, жетишилген келишим азырынча өтө эле назик бойдон калууда. Адистердин баамында, бул макулдашуу тынчтык жолундагы алгачкы кадам гана болуп эсептелет жана көптөгөн факторлор учурдагы тең салмактуулукту бузуп коюшу мүмкүн.

Кытай менен Россия расмий билдирүүлөрдө түздөн-түз аталбаса да, чыңалуунун азайышынан эң көп пайда көрө турган өлкөлөрдүн катарына кирет. Кытай үчүн эң башкы кызыкчылык — энергетикалык ресурстардын туруктуу жеткирилиши болсо, Россия аймактагы өз таасирин сактап калууга жана ири масштабдагы согуштун чыгышына жол бербөөгө кызыкдар.

Перс булуңундагы мамлекеттер дагы бул процессте жөн гана байкоочу эмес, активдүү дипломатиялык оюнчулар катары көрүнүштү. Алардын катышуусу аймак өлкөлөрүнүн өз алдынча саясий салмагын күчөтүүгө жана тышкы күчтөргө болгон көз карандылыкты азайтууга умтулуп жатканын айгинелейт.

Ошого карабастан, учурдагы келишимди жаңжалдын толук чечилиши катары эмес, убактылуу тынчтык орнотуу аракети катары кароо туура болот. Алдыда техникалык сүйлөшүүлөр, Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкуулар, коопсуздук кепилдиктери жана көзөмөл механизмдерин иштеп чыгуу сыяктуу татаал маселелер турат.

Башкы суроо азырынча жоопсуз бойдон калууда: тараптар бул элдешүүнү туруктуу тынчтыкка айландыра алабы? АКШ менен Ирандын ортосундагы көп жылдык мамилелердин тарыхы көрсөткөндөй, келишим түзүүдөн ишенимди калыптандырууга чейинки жол көп учурда жаңжалдан сүйлөшүүгө өтүүдөн да узагыраак болот.

Бирок азырынча бир нерсе айкын — дүйнө бир аз болсо да дем алып калды. Бул мүмкүнчүлүктү негизги оюнчулар кандай пайдаланаарына жараша Жакынкы Чыгыштын гана эмес, жалпы дүйнөлүк коопсуздук системасынын келечеги дагы аныкталат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар