Талас облусунда мыйзамсыз курулуп, уруксат документтери жок иштеп жаткан газ куюучу станция аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас районунун Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайларында жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Партнер Нефть” май куюучу жайындагы газ куюучу станция тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулуп, мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган. Ал эми “Сардалбек” май куюучу жайында санитардык талаптардын толук сакталбаганы белгиленген.
Натыйжада “Партнер Нефть” ишканасына Укук бузуулар кодексинин негизинде 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. “Сардалбек” май куюучу жайына болсо санитардык нормаларды сактоо боюнча эскертүү жасалды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди мыйзам талаптарын жана курулуш нормаларын так сактоого чакырды.




