Башкы беткеКоомМопед жана электроскутер айдоочуларына рейд жүргүзүлдү

Мопед жана электроскутер айдоочуларына рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте мопед, мотороллер, электроскутер жана велосипед айдоочуларына карата рейд өткөрүштү.

Ички иштер органдарынын маалыматына ылайык, текшерүүгө жол кыймылынын эрежелеринин көп бузулушу жана жашы жете электер катышкан жол кырсыктарынын көбөйүшү себеп болгон.

Рейддин жүрүшүндө бир күндө 20дан ашуун мопед жана электроскутер айдоочусу текшерилип, алардын 12си чет өлкөнүн жарандары экени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда болуу тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин жана транзиттик жүрүү талаптарын бузган жарандарга карата административдик протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар менен жол кыймылынын эрежелерин, коомдук тартипти жана миграциялык мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция мындай рейддер борбор калаада жол кырсыктарын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар