Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨКМдин 100 жылдыгына арналган унаа-эстелик орнотулду

ӨКМдин 100 жылдыгына арналган унаа-эстелик орнотулду

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Акжол Үсөн уулу жана кызматтын ардагерлери катышты.

Мааракенин алкагында ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын скверинде орнотула турган өрт өчүрүүчү унаа-эстеликтин бет ачары болду. Эстелик өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын бир нече муунунун эрдигин, өз ишине берилгендигин жана жан аябас кызматын даңазалайт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз сөзүндө кызматкерлерди жана ардагерлерди кесиптик мааракеси менен куттуктап, алардын коомдогу ордун өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, борбор калаа башчысы ӨКМдин шаардык башкармалыгы жайгашкан скверди толук реконструкциялоо пландалып жатканын билдирди. Долбоордун алкагында аймак көрктөндүрүлүп, футбол аянтчасы жана жарандардын эс алуусу үчүн заманбап инфраструктуралык объектилер курулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар