Башкы беткеМинистрлер кабинетиШКУ алкагында биргелешкен телеканал ачуу демилгеси көтөрүлдү

ШКУ алкагында биргелешкен телеканал ачуу демилгеси көтөрүлдү

Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафорумунда маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, санариптик журналистиканы өнүктүрүү жана жасалма интеллектти медиада колдонуу маселелери талкууланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, ШКУнун биринчи медиафоруму 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган. Быйыл бул аянтча Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында кайрадан өлкөдө өтүп жатканы өз ара маалыматтык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

“Биздин негизги максат – ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү. Ар бир өлкөнүн медианы өнүктүрүүдө өз тажрыйбасы жана механизмдери бар. Бул форум ошол тажрыйбаларды бөлүшүп, көп тараптуу маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, – деди Сарногоева.

Ал ошондой эле ШКУ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү маалыматтык ресурстарды түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн белгилеп, келечекте уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен телеканалын ачуу мүмкүн экенин айтты.

Форумдун күн тартибинде санариптик журналистика, медианын трансформациясы, маалымат коопсуздугу жана жасалма интеллект технологияларын жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонуу маселелери негизги багыттардын бири катары каралууда.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар