Бишкекте Академиялык инновациялык фонддун биринчи конкурсунда жеңген алты илимий долбоорду каржылоо боюнча гранттык келишимдерге кол коюлду.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар” долбоорунун алкагында каржыланат.
Гранттарды Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Адам университети утуп алды.
Сынакка өлкөдөгү 38 жогорку окуу жайдан 196 долбоор сунушталып, алардын ичинен тандалган алты долбоор каржылоого ээ болду.
Колдоого алынган долбоорлор жашыл энергетика, санариптик жана инженердик технологиялар, сууну үнөмдөө, айлана-чөйрөнү изилдөө, медицина жана материал таануу багыттарын камтыйт.
Долбоорлордун алкагында заманбап лабораториялар түзүлүп, жаңы жабдуулар орнотулуп, илимий изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулар жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Академиялык инновациялык фонд үч жылга чейин ЖОЖдорго 200 миң долларга чейинки гранттарды конкурстук негизде берет.



