Вирус менен бактерия экөө тең ооруну козгой алганы менен, алардын түзүлүшү жана организмге таасири ар башка. Көпчүлүк алардын кызматын бирдей көрүшөт. Бирок андай эместигин окумуштуулар белгилешет.
Бактерия – өз алдынча жашап, азыктанып жана көбөйө алган бир клеткалуу тирүү организм. Алардын айрымдары адамга зыян келтирсе, башкалары ичеги-карындын иштешине жардам берип, пайдалуу кызмат аткарат.
Ал эми вирус өз алдынча жашай албайт. Ал тирүү клеткага киргенден кийин гана көбөйүп, анын мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө пайдаланып иштейт. Ошондуктан вирустарга антибиотиктер таасир бербейт, аларга каршы иммундук система же вируска каршы атайын дарылар гана колдонулушу керек.
Адистердин айтымында, бактерияларды өз алдынча жашаган микроорганизмдерге, ал эми вирустарды башка клетканын ичинде гана «иштей» алган генетикалык түзүлүштөргө салыштырууга болот.



