БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмдун кийинки баш катчысын тандоо боюнча экинчи бейформал добуш берүүнү өткөрөт. Анда талапкерлердин 15 мүчөдөн турган Кеңештин колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү бааланат.
Өткөн айда болгон биринчи жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Коста-Риканын өкүлү Ребека Гринспан фаворит катары чыккан. Талапкерлердин арасында Аргентинанын өкүлү, МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси, Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет, Эквадордун өкүлдөрү Мария Фернанда Эспиноса Гарсес жана Ивон А-Баки, ошондой эле Гайана, Уганда жана Сенегалдан талапкерлер бар.
БУУнун учурдагы баш катчысы Антониу Гутерриштин экинчи беш жылдык мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.
Талапкер Коопсуздук Кеңешиндеги 15 добуштун кеминде тогузун алышы керек. Ошол эле учурда БУУнун беш туруктуу мүчөсүнүн — АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франциянын — бирөөсү да вето койбошу зарыл. Андан кийин талапкердин талапкерлиги БУУнун Башкы Ассамблеясынын бекитүүсүнө жөнөтүлөт.
Салтка ылайык, БУУнун баш катчылык кызматы аймактар арасында кезектешип бөлүштүрүлөт. Бул жолу кызмат Латын Америкасынын өкүлүнө өтүшү күтүлүүдө.
Эксперттердин баамында, алдыдагы добуш берүү талапкерлердин ортосундагы күчтөрдүн азыркы катышын дагы даана көрсөтүшү мүмкүн, бирок жеңүүчү азырынча аныкталбайт.



