Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) 2026-жылдагы төрагалыгы уюмдун 25 жылдык мааракеси менен туш келип, Евразия чөлкөмүндөгү өнөктөштүктү жаңы баскычка көтөрдү. «Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге» деген ураан алдында Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен өткөрүлгөн 40тан ашык жогорку деңгээлдеги иш-чара аймактык коопсуздукту чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды либералдаштыруу жана ири транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталды.
Чейрек кылымдык тарыхында ШКУ чек ара коопсуздугунун механизминен тартып, Евразия чөлкөмүндөгү саясий, экономикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык байланыштарды аныктаган ири континенталдык уюмга айланды. «Шанхай духунун» негизги принциптерин – өз ара ишенимди, өз ара пайданы, тең укуктуулукту, кеңешүүнү, маданий ар түрдүүлүктү урматтоону жана биргелешип өнүгүүгө умтулууну жетекчиликке алган Кыргызстан өз төрагалыгын «Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге» деген терең мазмундуу ураан алдында жүргүздү. Бул ураан өлкөнүн уюмга мүчө мамлекеттерди аймактык коопсуздукту чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүү боюнча бирдиктүү максаттарга бириктирүүгө болгон стратегиялык умтулуусун чагылдырды.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөргө жана аймактык чакырыктарга ыкчам, конструктивдүү жооп кайтарууга багытталганын баса белгиледи. Мамлекет башчысы ШКУнун алкагындагы кызматташтык жөн гана декларативдик мүнөздө калбастан, уюмга кирген өлкөлөрдүн элдеринин турмуш-тиричилик деңгээлин жогорулатууга, экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууга жана коопсуздукту ишенимдүү камсыз кылууга түздөн-түз кызмат кылышы керектигин айтты. Мамлекет башчысынын жеке демилгеси жана стратегиялык көрөгөчтүгү менен сунушталган долбоорлор мүчө-мамлекеттер тарабынан толугу менен колдоого ээ болуп, Бишкек саммитинде кабыл алынган негизги чечимдердин жана декларациялардын пайдубалын түздү. Бул өз кезегинде Кыргызстандын аймактык жана глобалдык саясаттагы конструктивдүү демилгечи катары ролун андан ары бекемдеп, өлкөнүн тышкы саясий аброюн жаңы бийиктикке көтөрдү.
Мындан сырткары, Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында уюмга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жана экологиялык дипломатияга өзгөчө басым жасады. Мамлекет башчысы глобалдык климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу маселелери Борбордук Азия аймагы үчүн гана эмес, бүткүл ШКУ мейкиндиги үчүн да улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ушул максатта Президент тарабынан көтөрүлгөн демилгелердин негизинде туруктуу өнүгүү, «жашыл» экономикага өтүү жана тоолуу аймактарды коргоо боюнча атайын программалар иштелип чыгып, аларды каржылоо жана практикалык ишке ашыруу механизмдери боюнча маанилүү макулдашуулар жетишилди. Ошондой эле, Садыр Жапаров жаштар арасында илим, билим берүү жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштап, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш лидерлеринин ортосунда туруктуу аянтча түзүү идеясын ишке ашырды.
Кыргызстандын төрагалык мезгилинде уюмдун күн тартиби саясий диалогду тереңдетүүгө гана эмес, конкреттүү чакырыктарга практикалык жоопторду табууга багытталды. Төрагалыктын негизги артыкчылыктары катары коопсуздуктун салттуу жана жаңы түрлөрүнө каршы туруу, соода-экономикалык байланыштарды либералдаштыруу, транспорттук-логистикалык коридорлорду кеңейтүү, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу, санариптештирүүнү ылдамдатуу жана маданий-гуманитардык дипломатияны активдештирүү белгиленген. Бул артыкчылыктуу багыттарды турмушка ашыруу максатында төрагалык мезгилинде 40тан ашык ар кандай деңгээлдеги иш-чаралар, анын ичинде министрлик жолугушуулар, эксперттик форумдар, бизнес-саммиттер жана маданий фестивалдар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын ар бири демилге – иш-чара – натыйжа» форматында уюштурулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мааракелик Бишкек декларациясы кабыл алынып, өлкөнүн эл аралык аренадагы конструктивдүү жана демилгечил ролу бекемделди.
Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргызстан терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы, кыйла натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү. Бул демилгени ишке ашыруу алкагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңеши, Ички иштер министрлеринин жолугушуулары жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйындары Бишкек шаарында уюштурулду. Натыйжада, киберкылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата стратегиялык аракеттер планы кабыл алынып, Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ШКУнун атайын борборун негиздөө боюнча юридикалык келишимдердин долбоорлору акыркы макулдашуудан өттү. Мындай кадам ШКУга мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарынын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жана биргелешкен атайын операцияларды координациялоону таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрдү.
Экономикалык кызматташтык тармагында Кыргызстан уюм аймагында тоскоолдуктарсыз соода чөйрөсүн түзүү, улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча кадамдарды демилгеледи. Бул багытта ШКУнун Бизнес форуму, Соода жана өнөр жай палаталарынын жетекчилеринин кеңеши жана Экономика жана соода министрлеринин жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында мүчө-мамлекеттердин ортосунда өз ара соодадагы тарифтик эмес тоскоолдуктарды четтетүү боюнча «жол картасы» бекитилип, ШКУнун өнүктүрүү банкын жана өнүктүрүү фондун түзүү боюнча көп жылдан берки сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоочу макулдашууларга жетишилди. Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо, биргелешкен ишканаларды түзүү жана кошумча нарк чынжырчаларын калыптандыруу боюнча ондогон коммерциялык келишимдерге кол коюлду.
Транспорт жана логистика тармагы Евразия континентинин борборунда жайгашкан Кыргызстан үчүн өзгөчө приоритеттүү багыт катары каралат. Төрагалыктын алкагында өлкөбүз аймактык транзиттик дараметти максималдуу түрдө пайдалануу жана альтернативдүү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү демилгесин алдыга жылдырды. Ушул максатта ШКУга мүчө-мамлекеттердин Транспорт министрлеринин кеңешмеси жана Эл аралык логистикалык форум уюштурулду. Бул жыйындардын негизги натыйжасы катары Кытай – Кыргызстан – ªзбекстан темир жолунун курулушунун практикалык фазасын колдоо, мультимодалдык ташууларды санариптештирүү жана чек аралык өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен декларация кабыл алынды. Бул долбоорлор уюмга мүчө өлкөлөрдүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, логистикалык чыгымдарды олуттуу түрдө кыскартууга өбөлгө түзөт.
Энергетика жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында Кыргызстан «жашыл» экономикага өтүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы биргелешип күрөшүү боюнча демилгелерди көтөрдү. Бул контекстте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин жыйыны жана Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлеринин форуму өткөрүлдү. Иш-чаралардын жыйынтыгында «ШКУнун жашыл энергетикалык алкагы» документи кабыл алынып, гидроэнергетикалык дараметти биргелешип пайдалануу, күн жана шамал энергиясы боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле мөңгүлөрдү коргоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча тармактык кызматташуу макулдашууларына кол коюлду. Бул туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү жана Евразия аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп калды.
Санариптик трансформация жана жогорку технологиялар тармагында Кыргызстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү, жасалма интеллектти колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүү жана киберкоопсуздукту чыңдоо боюнча демилгелерди сунуштады. Аталган багыт боюнча ШКУнун Санариптик форуму жана МАК (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) министрлеринин жыйыны уюштурулду. Натыйжада, санариптик сооданы стандартташтыруу, маалыматтарды коргоо жана электрондук колтамгаларды өз ара таануу боюнча биргелешкен меморандумдарга кол коюлуп, жаштар арасында IT-стартаптарды колдоо боюнча атайын регионалдык программага старт берилди.
Маданий-гуманитардык жана элдик дипломатия тармагы уюмдун «Шанхай духун» бекемдеген эң маанилүү тиреги катары каралды. Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланыштарды тереңдетүү, туризмди өнүктүрүү жана жаштар саясатын активдештирүү демилгелерин ырааттуу ишке ашырды. Төрагалыктын алкагында ШКУнун Маданият министрлеринин кеңеши, Туризм форуму, Маалымат каражаттарынын форуму жана Жаштар форуму жогорку сапатта өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын негизги натыйжасы катары ШКУнун маданий мурастарын сактоо боюнча биргелешкен декларация кабыл алынып, бирдиктүү туристтик маршруттарды түзүү («ШКУнун Жибек жолу») жана маалыматтык мейкиндиктеги кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди. Ошондой эле маданий фестиваль жана сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү чыңдалды.
Президент Садыр Жапаров жетектеген Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана анын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга баалуу салым кошту. Бишкекте өткөн 40тан ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана «Шанхай духу» принциптерине берилгендик аймактык туруктуулуктун негизги кепилдиги катары кызмат кыла берет. Төрагалык мезгилинде жетишилген көп тараптуу келишимдер, түзүлгөн жаңы экономикалык жана логистикалык коридорлор, коопсуздук боюнча кабыл алынган биргелешкен стратегиялар жакынкы жылдарда Евразия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү берет. Мамлекет башчысы белгилегендей, «Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге» деген ураан алдында аткарылган иштер Кыргызстандын ШКУнун тарыхындагы эң жигердүү, натыйжалуу жана мазмундуу төрагалыктарынын бири катары тарыхта калат.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



