Башкы беткеСаясатӨмүрбек Текебаев "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун архитектурасына жогору баа берди

Өмүрбек Текебаев “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун архитектурасына жогору баа берди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясатчы Өмүрбек Текебаев Бишкекте ачылган жаңы «Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору боюнча өз пикирин билдирди.

Ал архитектуралык комплекстен чоң таасир алганын айтып, имараттын монументалдуулугун, классикалык стилин жана масштабдуулугун белгиледи.

“Эң негизгиси — тарых менен заманбаптык айкалышыптыр. Барельефтер тарыхыбыздын ар кандай этаптарын чагылдырат. Мен абдан таасирлендим, мындайды күткөн эмесмин. Абдан кубандым”, — деди Текебаев.

“Ырыс Ордо” конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта Бишкекте өттү. Комплекс 14,7 гектар аянтты ээлеп, негизги имараттан жана расмий делегациялар менен жогорку даражалуу коноктор үчүн арналган сегиз конок үйүнөн турат.

Негизги имаратта 1 238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1 000 кишилик банкеттик зал жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар жайгашкан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар