Башкы беткеСаясатНикитенко: "Ырыс Ордо" коомчулук менен бийликтин башын бириктирген жай болсун"

Никитенко: “Ырыс Ордо” коомчулук менен бийликтин башын бириктирген жай болсун”

“Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун” директору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко “Кыргыз Туусу” редакциясына Бишкек шаарында жаңы “Ырыс Ордо” Конгресс-холлунун ачылышы боюнча пикирин билдирди.

Ал имараттын масштабдуулугуна жана эстетикалык жасалгасына токтолду. Анын айтымында, жаңы имаратта заманбап курулуш технологиялары, мамлекеттик символиканын элементтери жана улуттук колорит өз ара шайкеш айкалышкан.

Никитенко жаңы комплекс өлкө үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынуучу, коомчулук менен бийликтин башын бириктирген, ошондой эле эл аралык жолугушуулар өтүүчү жайга айланарына ишенимин билдирди. Ошондой эле “Ырыс Ордо” Кыргызстанга жакшылык алып келишин каалады.

”Таасирлерим абдан жакшы. Абдан масштабдуу, кооз имарат экен. Эң заманбап технологиялар менен курулуп, ошол эле учурда мамлекеттүүлүгүбүздүн элементтери жана улуттук колорити сакталган. Бул имаратта өлкөбүз үчүн эң маанилүү чечимдер кабыл алынышын, коомчулук менен бийликтин башын бириктирген, жакшы жана жылуу жолугушуулар өтүүчү жай болушун каалайм. Эң негизгиси — “Ырыс Ордо” Кыргызстаныбызга молчулук, бакыт жана өнүгүү алып келсин”, — деди Никитенко.

Бишкекте “Ырыс Ордо” Конгресс-холлунун расмий ачылыш аземи өттү. Ага саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер баштаган 1000ден ашуун чакырылган конок катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар