Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Бишкекте жаңы ачылган «Ырыс Ордо» Конгресс-борбору тууралуу өз пикирин “Кыргыз-Туусу” маалымат-басма үйүнө билдирди.
Ал имараттын масштабына, архитектуралык көркүнө жана бийик шыптарына суктанганын белгиледи.
«Курулуштун масштабына, заңгыраган көркүнө жана шыптарынын бийиктигине абдан суктандым. Кызмат боюнча Европа, АКШ, Россия, Азия мамлекеттери жана Кытайда болууга туура келет. Бүгүн ушул имаратта туруп, Кыргызстан мындай масштабдуу курулушу менен эң алдыңкы өлкөлөрдөн калышпайт деп ишенимдүү айта алам», — деди Алиев.
Анын айтымында, имараттын мамлекеттин каражатына курулганы да өзгөчө мааниге ээ.
«Бул чынында эле абдан кубанычтуу. Өзгөчө имарат мамлекеттин каражатына курулганы сыймыктандырат. Кыргызстан бул жерде иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрөт деп ишенем», — деди Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары.
Белгилей кетсек, «Ырыс Ордо» Конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта Бишкекте өттү. Салтанатка 1000ден ашуун конок чакырылып, ага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышты.



