Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга катталуусуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору өкмөт тарабынан иштелип чыгып, парламентке киргизилди.
Президент Касым-Жомарт Токаев балдарды зыяндуу контенттен коргоо үчүн интернеттеги материалдарды чыпкалоону күчөтүүнү жана атайын балдар SIM-карталарын колдонууну кеңейтүүнү тапшырды.
Анын айтымында, социалдык тармактар, санариптик платформалар жана жасалма интеллект балдарга барган сайын көбүрөөк таасир этүүдө. Ошондуктан балдардын психологиялык коопсуздугун камсыз кылган чараларды күчөтүү зарыл.
Казакстандын демилгеси Австралия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө жашы жете электердин социалдык тармактарды колдонуусуна киргизилип жаткан чектөөлөргө окшош.



