Башкы беткеДүйнөНорвегиянын королу Харальд V 89 жашында дүйнө салды

Норвегиянын королу Харальд V 89 жашында дүйнө салды

Норвегиянын королу Харальд V 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу падышалык үй-бүлөнүн басма сөз кызматы билдиргени маалымдалды.

Монарх жума күнү эртең менен Осло шаарындагы университеттик ооруканада саат 06:35 чамасында көз жумган. Ал ооруканага дээрлик эки жума мурда гемолитикалык анемия диагнозу менен оор абалда жаткырылган.

Харальд V акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу бир катар көйгөйлөргө туш болгон. 2003-жылы табарсыктагы рак оорусуна байланыштуу операция жасалса, 2024-жылы ага кардиостимулятор орнотулган. Ошого карабастан, ал тактыдан баш тартуу ниети жок экенин бир нече жолу билдирген.

Харальд V 1991-жылы Норвегиянын тактысына отурган. Ал Норвегияда XIV кылымдан бери төрөлгөн алгачкы норвегиялык король болгон. Ошондой эле көзү өткөнгө чейин Европадагы эң улуу курактагы бийликтеги монарх катары саналган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар