Башкы беткеСаясатКытай жана Кыргызстан: эки тараптуу мамилелерди сапаттуу өнүктүрүүнүн жаңы горизонтторуна карай бирге

Кытай жана Кыргызстан: эки тараптуу мамилелерди сапаттуу өнүктүрүүнүн жаңы горизонтторуна карай бирге

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин автордук макаласы

Күздүн алгачкы күндөрүндө асман тунук, көк мейкин кез. Түшүм жыйноо маалында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен барып, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 26-жыйынына катышканы жатам.

Алдыдагы бул сапарым менин кооз Кыргызстан жергесине үчүнчү ирет барышым болуп саналат. Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров менен биргеликте Кытай-Кыргызстан мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы, кеңири планын белгилеп, Шанхай кызматташтык уюгунун алкагында тагдырлары бир коомчулукту түзүү ишин жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем.

Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 35 жыл толууда. Ушул маанилүү датага байланыштуу Кытай Өкмөтүнүн жана элинин атынан боордош кыргыз элине чын жүрөктөн куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду жолдойм. Саясий туруктуулук өкүм сүрүп, экономикасы өнүгүп, коомдук ынтымак бекемделип жаткан жакшы коңшубуз Кыргызстан үчүн Кытай ар дайым кубанат.

Кытай менен Кыргызстан — жакын коңшулар, ишенимдүү өнөктөштөр жана чыныгы достор. Бизди жалпы тагдыр гана эмес, биргелешкен өнүгүү жана бакубат келечек да байланыштырат. Эки элдин достук мамилелеринин тамыры терең тарыхка барып такалат. Буга Улуу Жибек жолу күбө. Кытайда да, Кыргызстанда да Чжан Цянь, Сюаньцзан, Ли Бай сыяктуу тарыхый инсандардын эки цивилизациянын өз ара байышына кошкон салымы бүгүнкү күнгө чейин жакшы эскерилет.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Кытай менен Кыргызстан өз ара урматтоо, ынак коңшулук, достук, тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуулук принциптерин бекем карманып келет. Өз ара ишеним жана кызматташтык тынымсыз чыңдалууда.

Эки тараптуу мамилелер эл аралык аренадагы ар кандай сыноолорго туруштук берип, тарыхый секирик жасады. Коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюудан тартып, стратегиялык өнөктөштүккө, андан соң жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин көтөрүлдү. Натыйжада эки өлкөнүн мамилелерине жаңы мазмун жана жаңы дем берилди.

2025-жылдын февраль айында Президент Садыр Жапаров экөөбүз Кытай менен Кыргызстандын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Ошондой эле коңшулук, достук жана биргелешкен өнүгүү принциптеринин негизинде Кытай менен Кыргызстандын тагдырлары бир коомчулугун түзүүгө умтулуубузду дагы бир ирет ырастаганбыз. Бул эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачты.

Бул мамилелер өз ара ишенимге негизделип, бири-бирин колдоо менен айырмаланат.

Эки өлкө тең мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо бири-бирин дайыма колдоп келет. Ошондой эле улуттук өнүгүүгө байланышкан саясий чечимдерди өз ара колдоо көрсөтүп келишет. Биздин өлкөлөр коңшу мамлекеттердин ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелердин үлгүсү болуп саналат.

Өткөн жылы Президент Садыр Жапаров экөөбүз үч жолу жолугуштук. Жогорку деңгээлдеги ишенимдүү байланыштар жана жеке достук мамилелер эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын тез жана динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Бул мамилелер жалпы кызыкчылыктарга таянып, элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган.

Экономика жаатында Кытай менен Кыргызстандын бири-бирин толуктаган артыкчылыктары жана кызматташуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Дүйнөлүк экономиканын өсүшү жайлап турганына карабастан, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык туруктуу жана ишенимдүү өнүгүү динамикасын көрсөтүүдө.

Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет өлкөлүк инвестору болуп саналат. Кытайдын смартфондору жана электромобилдери кыргызстандык керектөөчүлөр арасында кеңири популярдуулукка ээ болууда. Ошол эле учурда Кыргызстандын сапаттуу айыл чарба продукциялары Кытайдагы миллиондогон үй-бүлөлөрдүн дасторконуна жетүүдө.

Элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыгына кызмат кылган бир катар биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга олуттуу салым кошууда.

Учурда Кыргызстанда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. «Бедел» өткөрмө пункту убактылуу иштей баштады. Эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарынын саны тынымсыз көбөйүүдө. Инфраструктуралык жана мультимодалдык транспорттук байланыштардын тармагы да улам өркүндөтүлүп жатат.

Бул мамилелер элдердин жакындашуусуна негизделип, маданий-гуманитардык байланыштарда өзгөчө көрүнүш табууда.

Акыркы жылдары Кыргызстанда Лу Бань устаканасы, төрт Конфуций институту жана 21 Конфуций классы ачылды. Алар кытай тилин үйрөнүүнү жана кесиптик билим-көндүмдөрүн жогорулатууну каалаган жергиликтүү тургундар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгы да Кыргызстандын барган сайын көп жаранына пайда алып келүүдө. Буга «Ден соолук экспресси — жаркын саякат» акциясы жана салттуу кытай медицинасынын борбору мисал боло алат.

Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө келишимге кол коюу, маданият күндөрүн өткөрүү, кинофестивалдарды жана искусство фестивалдарын уюштуруу, ошондой эле «Манас» эпосун жана дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастын башка түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча биргелешкен иштер эки элдин бири-биринин бай маданиятын жакындан таануусуна шарт түзүүдө.

Өткөн жылы эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларынын саны 400 миңден ашты. Облустар жана шаарлардын деңгээлинде 30 боордош шаар жана аймак ортосунда тыгыз байланыштар түзүлдү. Мунун баары кылымдарды карыткан кытай-кыргыз достугунун пайдубалын дагы бекемдөөдө.

Бул мамилелер адилеттүүлүккө таянып, жалпы коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип каршы туруу менен бекемделүүдө.

Кытай менен Кыргызстанды жалпы тоолор жана дарыялар байланыштырат. Ар кандай сыноолорго каршы эки өлкө дайыма ийиндеш туруп, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого салым кошуп келет.

ШКУнун негиздөөчү мамлекеттери жана Глобалдык Түштүктүн өлкөлөрү катары Кытай менен Кыргызстан эл аралык адилеттүүлүктү коргоо, ачык жана инклюзивдүү өнүгүүгө көмөктөшүү маселелеринде окшош позицияларды карманышат.

Дүйнөдө жана аймакта кырдаал татаалдашып, белгисиздик күчөп турган шартта биз көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташып, маанилүү демилгелерди бири-бирибиз колдойбуз. Ошону менен бирге дүйнөнүн тең укуктуу жана тартиптүү көп полярдуулукка, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү жана инклюзивдүү экономикалык ааламдашууга багыт алышына биргелешип салым кошуудабыз.

Быйыл Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөнүнө 105 жыл толуп, Кытайда 15-беш жылдык планды ишке ашыруу башталууда. Кытай Коммунисттик партиясынын бекем жетекчилиги астында кытай эли ишенимдүү кадам таштап, күчтүү модернизацияланган социалисттик мамлекетти ар тараптуу куруу жана кытай улутунун улуу кайра жаралуусун ишке ашыруу максаттарына карай тынымсыз алга жылууда.

Кыргызстанда 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы толук кандуу ишке ашырылып, «жаңы Кыргызстанды» куруу багытындагы иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Жаңы тарыхый баскычта биз Кытай менен Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн тагдырлары бир коомчулугун түзүүгө күч-аракет жумшап, аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууга дагы чоң салым кошушубуз керек.

Коңшулук жана достукту бекемдөө зарыл

Туугандар бири-бирине жакшылык каалайт, ал эми коңшулар коңшусуна жакшылык каалайт.

Кытай менен Кыргызстан ар дайым бири-бирине өнүгүү жолунда ишенимдүү таяныч болушу керек. Жогорку деңгээлдеги байланыштардын жана ар кандай багыттардагы кызматташтыктын жакшы динамикасын сактап, өнүгүү стратегияларын айкалыштыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл.

Мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну тереңдетип, биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн ишенимдүү шарттарды түзүү маанилүү. Кытай Кыргызстанга экономиканы өнүктүрүүдө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда мындан ары да мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүгө даяр.

Өз ара пайдалуулукка умтулуу зарыл

Өз ара пайдалуулук — кызматташтыктын туруктуу өнүгүшүнүн негизги ачкычы.

Узак мөөнөттүү келечекти көздөп, «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы сапаттуу кызматташтыкты негизги багыт катары аныктап, практикалык өз ара аракеттенүүнүн мазмунун жана деңгээлин жогорулатуу зарыл.

Соода жана инвестиция, инфраструктуралык байланыш, жашыл минералдар сыяктуу салттуу багыттардагы кызматташтыкты бекемдөө менен катар санариптик экономика, таза энергетика жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү керек.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун алдыга жылдырып, өткөрмө пункттарды модернизациялоо иштерин тездетүү зарыл. Инфраструктуралык байланыштарды гана эмес, эрежелерди жана стандарттарды бирдейлештирүү багытындагы кызматташтыкты да күчөтүү менен адамдардын жана жүктөрдүн эркин жана үзгүлтүксүз жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү керек.

Салттуу достукту мындан ары да бекемдөө зарыл

Салттуу достук — эки элдин жалпы байлыгы.

Маданият, туризм жана искусство, жалпыга маалымдоо каражаттары, аналитикалык борборлор жана жаштар, археология жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетип, маданий-гуманитардык байланыштарды ар тараптан чыңдоо зарыл.

Жаш студенттерди бири-биринин өлкөлөрүндө билим алууга көбүрөөк кызыктыруу, аймактар аралык байланыштарды жандандыруу маанилүү.

Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын достугу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы тууралуу окуяларды таасирдүү жана ишенимдүү баяндап берүү менен эки элдин өз ара жакындашуусунун пайдубалын дагы бекемдөө керек.

Көп тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу зарыл

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы — чындап кубанычтуу окуя жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Бул мүмкүнчүлүктү БУУнун алкагында кызматташууну күчөтүү үчүн натыйжалуу пайдалануу керек. БУУ борбордук орунду ээлеген дүйнөлүк түзүлүштү жана эл аралык укукка негизделген тартипти коргоо, адамзаттын тагдырлары бир коомчулугу концепциясын жана төрт глобалдык демилгени ишке ашыруу зарыл.

Ошондой эле гегемонизмге, бир тараптуу аракеттерге жана блоктук тирешүүгө чечкиндүү каршы чыгып, «жамандыктын үч күчү» менен биргелешип күрөшүп, дүйнөлүк башкаруунун кыйла адилеттүү жана рационалдуу системасын калыптандырууга көмөктөшүү маанилүү.

ШКУ түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында уюм «Шанхай рухун», башкача айтканда, өз ара ишеним, өз ара пайдалуулук, теңдик, кеңешип чечүү, маданияттардын ар түрдүүлүгүн урматтоо жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуу принциптерин өнүктүрүп, ишке ашырып келет.

ШКУ блок түзбөгөн, коңшу мамлекеттердин өнөктөштүгүнө негизделген, коопсуздук менен туруктуулукту биргелешип камсыз кылууга, өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүгө багытталган аймактык кызматташуунун жаңы моделин түздү.

Бүгүнкү күндө ШКУ аймактын камтуу аянты, калкынын саны жана өнүгүү потенциалы боюнча дүйнөдөгү эң ири универсалдуу аймактык уюмга айланды.

Кыргызстан өзүнүн «Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге карай» деген урааны астында ШКУга төрагалык кылып, мүчө мамлекеттердин ортосундагы консенсусту бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн зор жана жемиштүү иштерди аткарды. Бул аракеттер жогорку баага татыктуу.

Бардык катышуучулардын биргелешкен аракетинин натыйжасында Бишкек саммити сөзсүз түрдө ийгиликтүү өтүп, мындан ары да «Шанхай рухун» өнүктүрүүгө жана ШКУнун тагдырлары бир коомчулугун түзүүгө жаңы дем берет деп ишенем.

Кыргыз элинин «Тамчыдан көл куралат» деген накыл сөзү бар. Ошондой эле элибизде «Кичинекей булактарды чогултмайынча, чоң деңиз пайда болбойт» деп бекеринен айтылбайт.

Кытайлык достор катары кыргызстандык досторубуз менен бирге кадам сайын ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Эки элдин достугунун көптөгөн майда булактары биригип, Кытай менен Кыргызстандын чексиз достук деңизине айланышы үчүн кол кармашып, эки тараптуу мамилелерди сапаттуу өнүктүрүүнүн жаңы горизонтторун бирге ачалы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар