Home Көчмөндөр оюндары Өрнөктө сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Өрнөктө сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрү жана скульпторлорунун эмгектеринен турган көргөзмө уюштурулду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн жана скульпторлордун 90го жакын көркөм чыгармасы коюлду.

Көргөзмөдө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана салттуу жашоо образын чагылдырган эмгектер орун алган. Арасында улуттук тематикадагы чыгармалар, пейзаждар, этюддар жана көчмөн цивилизациясынын тарыхый-маданий мурасына арналган эмгектер бар.

Көргөзмөнүн негизги бөлүгүн атайын сынактын жыйынтыгында тандалып алынган 45 картина түзөт. Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашуун сүрөтчү катышып, жалпысынан 250гө жакын чыгарма сунушталган.

Мыкты эмгектерди тандоодо алардын көркөмдүк деңгээли, идеялык мазмуну, темага шайкештиги жана чыгармачылык өзгөчөлүктөрү эске алынган.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет элдик жана жергиликтүү коноктор көргөзмөгө барып, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгы менен таанышып, заманбап улуттук искусство тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн сатып алууга коюлган чыгармалар да бар. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери чет элдик коноктордун кызыгуусун жаратып, буга чейин чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларга да сатылып алынган.

Көргөзмө 6-сентябрга чейин уланат.

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here