Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2400 метр аралыкка ат чабыш өттү.
Мелдешке 12 чабандес катышып, жыйынтыгында Казакстандын өкүлү биринчи орунду ээледи.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүп жатат. Оюндарга 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
