Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандагы токойлордун аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт

Кыргызстандагы токойлордун аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда токойлор өлкөнүн жалпы аймагынын 6,4 пайызын ээлейт. Алардын жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жетет. Бул тууралуу токой чарбасына байланыштуу маалыматта белгиленди.

2024–2026-жылдары өлкө боюнча 456 объектте 6 миң 419 гектардан ашык аянтта токой жайгаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Учурда Мамлекеттик токой фондунун жерлери 100 пайыз санариптик маалыматтар менен камсыздалган.

2026-жылга карата токойлордун санариптик карталары жана электрондук маалымат кампасы толук даярдалып, алардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү такталган.

Санариптештирүү токой ресурстарын так эсепке алууга, аларды натыйжалуу башкарууга жана коргоого шарт түзөт. Ошондой эле токой фондунун жерлерин пайдалануу, туризмди, гидроэнергетиканы жана кен казуу тармактарын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, бир катар объекттер ишин улантууда.

Маалыматка ылайык, экме токойлордун аянты 52 миң 845,8 гектарды түзөт. Ал эми Мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги токой баскан аянт 787 миң 313,8 гектарга барабар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар