Башкы беткеМаданиятХивада түрк дүйнөсүнүн жаштары үчүн маданий иш-чаралар өттү

Хивада түрк дүйнөсүнүн жаштары үчүн маданий иш-чаралар өттү

13-октябрында Өзбекстандын Хива шаарында өтүп жаткан «Хива — Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору — 2026» форумунун алкагында маданий иш-чаралар уюштурулду.

Форумга катышкан өлкөлөрдүн жаштар делегациялары шаардын тарыхый жайларын кыдырып, байыркы Ичан Кала чебине экскурсия жасашты.

Катышуучулар экскурсия учурунда Хиванын тарыхы, архитектуралык эстеликтери жана өзбек элинин улуттук маданияты тууралуу маалымат алышты. Ичан Кала — Чыгыш архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган маанилүү тарыхый-маданий жайлардын бири.

Маданий иш-чаралар түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана өлкөлөрдүн тарыхы менен маданиятын жакындан таанууга багытталган.

«Хива — Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору — 2026» демилгеси жаштар арасындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый-маданий мурастарын кеңири таанытууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар