VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Көк бөрү” аренасында Кыргызстан менен Россиянын курама командаларынын беттеши башталды.
Оюнга көп сандаган күйөрмандар келип, трибуналардан өз командаларын кызуу колдоп жатышат.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
