Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн ашканасына арналган Chef Battle эл аралык кулинардык сынагынын жарым финалдык баскычы өтүүдө.
Баш байге — 12 миң доллар жана «Көчмөн ашканасынын мыкты шефи» наамы үчүн алгач 15 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан. Учурда мелдеште тогуз ашпозчу калды.
Жарым финалга Кыргызстандан Акбар Асылбеков, ошондой эле Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан, Армения, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Монголиянын өкүлдөрү чыкты.
Катышуучулар «кара куту» форматында жашыруун берилген азыктардан көчмөн цивилизациясынын духун чагылдырган тамак даярдашууда.
Мелдештин жеңүүчүсү 5-сентябрда өтө турган гранд-финалда аныкталат. Финалда ашпозчулар бүтүндөй кой этинен этно-даам даярдашат.
Фестиваль Кырчын жайлоосунда 6-сентябрга чейин уланат.

