Home Көчмөндөр оюндары ДКО-2026: Казак күрөш боюнча кыргызстандык спортчу чемпион болду

ДКО-2026: Казак күрөш боюнча кыргызстандык спортчу чемпион болду

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдөгү «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында казак күрөш боюнча мелдеш өттү.

Беттештерге дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 65 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 60 кг салмакта казакстандык Ернур Сулейман, 82 кг салмакта өзбекстандык Умид Есенов, ал эми 100 кг жогору салмакта кыргызстандык Орозбек Алмазбеков алтын медаль тагынды.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунга — 100 миң сом, 2-орунга — 80 миң сом, 3-орунга — 60 миң сом берилди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here