Home Көчмөндөр оюндары Көк бөрү жана көкпар оюндарына алынган билеттердин акчасы кайтарылат

Көк бөрү жана көкпар оюндарына алынган билеттердин акчасы кайтарылат

6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү жана көкпар оюндарын көрүү үчүн билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандарга акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, санариптик тутум аркылуу билет сатып алган жарандар төлөмдүн дүмүрчөгүн жана билетин көрсөтүшү керек. Уюштуруу комитети белгилеген 1 000 сом кайтарылып берилет.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанды 12:0, ал эми көкпарда 7:2 эсеби менен жеңген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here