Доминикан Республикасынын өкүлү Жоэйрри Мола “Дүйнө сулуусу — 2026” (Miss World 2026) наамын жеңип алды. Сынактын финалы 5-сентябрда Вьетнамдын Нячанг шаарында өтүп, ага 111 өлкөнүн өкүлү катышты.
Биринчи вице-мисс наамын Испаниянын өкүлү Элизабет Рейнес, экинчи вице-мисс наамын Малайзиянын өкүлү Таанусия Четти алды.
24 жаштагы Жоэйрри Мола мугалим болуп эмгектенет. Ал аялуу катмардагы балдарга англис тилин үйрөтүүгө багытталган социалдык долбоорду жетектейт.
Доминикан Республикасы бул сынакта экинчи жолу жеңишке жетти. Өлкөнүн биринчи өкүлү Мариасела Альварес 1982-жылы «Дүйнө сулуусу» аталган.
Кыргызстандын атынан сынакка 26 жаштагы Саадат Асылбекова катышты. Ал мыкты 40 катышуучунун катарына кире алган жок.



