Башкы беткеСаясатКыргызстан Си Цзиньпинди эң жогорку деңгээлде тосуп алды

Кыргызстан Си Цзиньпинди эң жогорку деңгээлде тосуп алды

Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин Кыргызстан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапардын алкагында эң жогорку деңгээлде тосуп алганын белгиледи. Бул тууралуу ал кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Элчи эки өлкөнүн ортосунда кабыл алынган бир катар документтерге токтолуп, Кыргыз-Кытай кызматташтыгы, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүү жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи.

Лю Цзянпин Си Цзиньпиндин сапарын жогорку деңгээлде уюштуруп, Кытай делегациясына көрсөтүлгөн жылуу мамиле жана дипломатиялык сый-урмат үчүн Кытай элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Си Цзиньпин Кыргызстанга 30-августта мамлекеттик сапар менен келген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар