Башкы беткеДүйнөАКШда күйүүчү май кризиси күчөп, мунай баасы 100 долларга жакындады

АКШда күйүүчү май кризиси күчөп, мунай баасы 100 долларга жакындады

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнөн улам дүйнөлүк күйүүчү май рыногунда кризистик абал жаралганы айтылууда. Бул тууралуу The Wall Street Journal америкалык мунай компанияларынын жетекчилерине таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, дүйнөдө күйүүчү майдын коммерциялык запастары бир нече айдан бери азайып, стратегиялык резервдерди колдонуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү болуп калды.

АКШда акыркы бир айда дизель майынын баасы 14%га өсүп, бир галлону 6,23 долларга жеткен. Бензиндин баасы да 4,32 долларга чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда америкалык мунайдын баасы акыркы үч жумада 19%га өсүп, баррели 101 долларга жакындаган.

Кырдаалдын курчушуна Жакынкы Чыгыштагы жаңжал, мунай ташыган кемелерге жана инфраструктурага жасалган чабуулдар, ошондой эле Кытайдын мунайга болгон сатып алууларын көбөйтүшү себеп болуп жатканы белгиленет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар