Башкы беткеИлим12 жылдык мектепке мугалимдерди даярдоо маселеси талкууланды

12 жылдык мектепке мугалимдерди даярдоо маселеси талкууланды

Кыргызстан 12 жылдык мектепке өтүп жаткандыктан, мугалимдерди даярдоо системасын да жаңы талаптарга ылайыкташтыруу маселеси каралууда.

Министрликтен билдиришкендей бул багытта 16-сентябрда Кыргыз билим берүү академиясында жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү үчүн усулдук семинар өттү. Жыйын “Алтын Казык” мамлекеттик программасынын алкагында уюштурулган.

Семинарда мугалимдерди даярдаган ЖОЖдордун окуу программаларын 12 жылдык мектептин талабына ылайык жаңылоо зарылдыгы айтылды. Ошондой эле педагогикалык практиканы күчөтүү, дуалдык окутууну өнүктүрүү жана окуу материалдарын жаңылоо маселелери талкууланды.

Болочок мугалимдерди санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти сабакта туура колдонууга даярдоо да маанилүү багыттардын бири экени белгиленди.

Мындан тышкары, башталгыч класстардын, табигый илимдердин, профилдик сабактардын жана англис тилинин мугалимдерин даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында айтылган сунуштар 12 жылдык мектепке өтүү менен мугалимдерге коюлган жаңы талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларын жаңылоого багытталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар