Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жаңы жасалма интеллект моделдери күчтүү хакердик чабуулдарды уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Фон дер Ляйен бул тууралуу Страсбургда Европарламенттин алдында жылдык кайрылуусун жасап жатып айтты.
Анын белгилешинче, Европа жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керек, бирок технология менен байланышкан коркунучтарды да эске алуу зарыл. Ошондой эле технологиялык өнүгүү коопсуздук эрежелеринен озуп кетпеши керек.
Еврокомиссиянын төрайымы учурда иштелип жаткан ИИ моделдери мурда мүмкүн эмес деп эсептелген деңгээлдеги хакердик чабуулдарды уюштурууга шарт түзүшү мүмкүн экенин айтты. Мындай технологиялар келечекте башкача көз караштагы күчтөрдүн колуна түшүп калуу коркунучу бар экенин белгиледи.
Фон дер Ляйен Европа Биримдиги жаңы технологияларды колдонуу эрежелерин өзү аныктап, алардын коопсуз өнүгүшү үчүн шарт түзүшү керектигин кошумчалады.
Буга чейин Европа Биримдигинде жасалма интеллектти жөнгө салган мыйзам күчүнө кирген. Документте тобокелдиги жогору болгон ИИ системаларына карата талаптар белгиленип, колдонуучулардын коопсуздугун жана негизги укуктарын коргоо чаралары каралган.



