Башкы бетке∅19-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өтөт

19-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өтөт

19-сентябрда Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, ишкерлер, коомдук уюмдар, жаштар жана жарандар катышат.

Министрлик ишембиликке активдүү катышууга чакырып, иш-чаранын негизги максаты аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү экенин белгиледи.

Ведомство тазалыкты сактоо бир күндүк иш эмес, күнүмдүк маданият жана жалпы жоопкерчилик экенин кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар