Сеул шаарында Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова «Корея Республикасы – Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк» аттуу биринчи министрлер жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап жоопкерчиликтүү жана коопсуз жасалма интеллектти өнүктүрүүгө, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кадрларды даярдоого жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.
Жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгени кабыл алышты.




