Башкы беткеСаясатМинскте коррупцияга каршы күрөштүн актуалдуу маселелери талкууланды

Минскте коррупцияга каршы күрөштүн актуалдуу маселелери талкууланды

Күн мурун, 17-сентябрда Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин XI жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаров жетектеген делегация катышты.

Жыйында коррупциянын алдын алуу, санариптик чечимдерди колдонуу, коррупцияга каршы саясатты координациялоо жана мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында З. Акназаров Беларусь Республикасынын Башкы прокурору Д. Гора менен жолугушту. Анда кибер-алдамчылыкка байланышкан кылмыштар боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын аткарылышын прокурордук көзөмөлдөө боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясынын өкүлү Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинде лекция окуп, өлкөдөгү коррупцияга каршы аракеттенүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Жыйындын соңунда КМШ алкагында коррупцияга каршы кызматташтыкты мындан ары күчөтүүгө багытталган бир катар чаралар белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар