Дубайдагы 230 жылдан ашуун тарыхы бар Аль-Фахиди форту беш жылдык реставрациядан кийин жакынкы жумаларда же айларда кайрадан туристтер үчүн ачылат.
1778-жылдар чамасында коргонуу жайы катары курулган тарыхый имарат кийин башкаруучунун резиденциясы, мамлекеттик башкаруу борбору жана түрмө катары пайдаланылган. 1971-жылы Бириккен Араб Эмираттары түзүлгөн жылы форт Дубайдын биринчи музейине айланган.
Форт 2021-жылдан бери масштабдуу реставрация иштерине байланыштуу жабык турган. Жаңыланган музей Дубайдын тарыхы жана маданий мурасы менен таанышуу үчүн маанилүү жайлардын бири болору күтүлүүдө.
Аль-Фахиди тарыхый району салттуу үйлөрү жана маданий объектилери менен белгилүү болуп, шаардын заманбап имараттарынан айырмаланган тарыхый көрүнүшүн сактап келет.



