Башкы беткеДүйнөПортугалияда 15 миллиондон ашык LEGO бөлүгүнөн жасалган көргөзмө ачылды

Португалияда 15 миллиондон ашык LEGO бөлүгүнөн жасалган көргөзмө ачылды

Португалиянын Лиссабон шаарында Европадагы эң ири LEGO моделдеринин көргөзмөлөрүнүн бири ачылды. 2 миң чарчы метр аянтты ээлеген экспозицияда 15 миллиондон ашык деталдан жасалган 120дан ашык модель коюлган.

Көргөзмөдөгү эң ири экспонаттардын арасында АКШ президентинин Air Force One учагынын 1:7 масштабындагы көчүрмөсү, “Деңиздердин падышасы” аттуу круиздик лайнердин модели, чоң кызыл ажыдаар жана 900 миң LEGO бөлүгүнөн жасалган спинозавр бар.

Экспозицияда кино, спорт жана Star Wars темаларына арналган бөлүмдөрдөн тышкары, география жана биология боюнча интерактивдүү зоналар да бар. Ошондой эле коноктор өз моделдерин жасай ала турган Fun Zone жана сүрөткө түшүүгө арналган 3D Trick Gallery иштейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар