Башкы беткеДүйнөАКШ Гренландияда аскердик катышуусун кеңейтет

АКШ Гренландияда аскердик катышуусун кеңейтет

АКШнын президенти Дональд Трамп, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында стратегиялык маанилүү аралда АКШнын аскердик катышуусун кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюшту.
Коопсуздук боюнча ар тараптуу келишимге ылайык:
Аскердик объекттерди кеңейтүү: АКШга Гренландиянын түндүк-батышындагы «Питуффик» космостук базасындагы ишмердүүлүгүн модернизациялоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле Нарсарсуак менен Местерс-Вигде кошумча коргонуу аймактарын түзүүгө уруксат берилди.
Аба жана суу мейкиндиги: Америкалык учактарга аралдын бүткүл аймагында, анын ичинде аймактык сууларында учуп өтүүгө жана конууга укук берилди.
Үчүнчү өлкөлөр үчүн чектөөлөр: НАТОго мүчө болбогон бир дагы мамлекетке Гренландияда өзүнүн аскердик объекттерин курууга уруксат берилбейт. Ошондой эле НАТО менен ЕСке кирбеген өлкөлөргө аралдагы стратегиялык объекттерди көзөмөлдөөгө тыюу салынат.
Эгемендүүлүк жана өз тагдырын өзү чечүү: Документте Дания Королдугунун аймактык бүтүндүгү менен эгемендиги кайрадан ырасталып, Гренландия элинин өз тагдырын өзү чечүү укугу таанылды.
Келишим Дания менен Гренландия тараптан тийиштүү парламенттик процедуралар аяктагандан кийин жана АКШга тиешелүү дипломатиялык нота тапшырылган күндөн тарта күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар