Башкы беткеМаданиятКыргыз драма театры 100-театралдык сезонун ачты

Кыргыз драма театры 100-театралдык сезонун ачты

Бүгүн, 23-сентябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 100-театралдык сезонунун ачты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматында, жаңы театралдык сезон Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен ачылып, көрүүчүлөргө тартууланды.

“100-театралдык сезон — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кылымдык чыгармачылык салтынын уландысы. Алдыда көрүүчүлөрдү жаңы спектаклдер, чыгармачылык изденүүлөр жана маданий долбоорлор күтөт”, – деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар