Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Документке 86 депутат “макул” деп добуш берди.
Эми кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.



