Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоонун күнү мурдагы шайлоолордон айырмаланып, шаршембиге туш келип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин президенттик шайлоолор негизинен дем алыш күндөрү өткөрүлүп келген. Маматалиев 27-январдагы шайлоого жарандардын катышуусун жогорулатуу максатында мындай тартип тандалганын белгиледи.
Ошондой эле төрага шайлоонун жыйынтыгына жана өлкөдөгү туруктуулукка байланыштуу Конституциядагы жоболорду эске салды.
Маматалиевдин айтымында, шайлоолордо үгүтчүлөрдүн саны да кыскартылган. Ал алдыдагы президенттик шайлоо мыйзам талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө өтүшү керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2027-жылы президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн экени буга чейин айтылган. Июнь айында Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.



