Башкы беткеДүйнөКытай лидери АКШга 11 жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик сапар менен барды

Кытай лидери АКШга 11 жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик сапар менен барды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШга мамлекеттик сапар менен барып, 23-сентябрда Мэриленд штатындагы Джойнт-Бейс Эндрюс авиабазасына конду. Аны АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп тосуп алды.

Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен кызыл килем төшөлгөн салтанаттуу аянтчадан өттү. Иш-чарада АКШ менен Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу караул тизилди. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, салтанаттын жүрүшүндө аскердик авиациянын учуп өтүүсү уюштурулду.

АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, салтанат маалында америкалык B-1B Lancer бомбалоочу учактары авиабазанын үстүнөн учуп өткөн.

Трамптын Си Цзиньпинди түздөн-түз авиабазанын учуп-конуу тилкесинен тосуп алышы өзгөчө дипломатиялык кадам катары бааланууда. АКШ президенттери чет өлкөлүк лидерлерди адатта Ак үйдө кабыл алышат.

Си Цзиньпиндин АКШга сапары 23–25-сентябрга пландалган. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык мамилелерди, технология, жасалма интеллект жана башка эки тараптуу маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.

Бул Си Цзиньпиндин 2015-жылдан берки АКШга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар