Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында өткөн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.
Ал Кыргызстандын бул топко төрагалык кылган мезгилиндеги негизги жыйынтыктарга токтолуп, өлкөлөрдүн активдүү катышуусу жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр 2024–2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттер программасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү жана туруктуулугун бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле программаны ишке ашыруунун алкагында Жол картасын жана мониторингдин негизги алкактарын иштеп чыгуудагы жетишкендиктерди белгиледи.
Жыйынтыгында министрлер декларациясы кабыл алынды. Кыргызстан Аваза программасын ишке ашырууну улантып, өлкөлөрдүн биримдигин жана тең укуктуу кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошо берерин билдирди.



