Башкы беткеДүйнөБүгүн Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды

Казакстандын президентинин чечими менен 25-сентябрь өлкөдө жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстандын Маңгыстау облусунда Каспий деңизинде дайынсыз жоголгон эки аскер кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 25-сентябрда саат 09:15 чамасында тынымсыз жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбек уулунун сөөгү табылган.

Ушуну менен кырсыктан каза болгондордун саны 14 адамга жетти.

Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде өткөн аскердик машыгуу учурунда аба ырайынын кескин начарлап, шамалдын күчөшүнөн улам деңизге 17 аскер кызматкери агып кеткен. Ошол эле күнү 12 аскер кызматкеринин каза болгону маалымдалып, үчөө куткарылган. Калган эки аскерди издөө иштерине 250дөн ашык адам тартылган.

Окуя боюнча Казакстанда эки кылмыш иши козголду. Алардын бири — кызматка шалаакы мамиле кылып, оор кесепеттерге алып келүү, экинчиси — кеме башкаруу эрежелерин бузуу беренелери боюнча тергелүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар