Тажикстан тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 2028–2029-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду.
Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагындагы иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан Коопсуздук Кеңешине мүчөлүктү макам маселеси катары эмес, БУУнун Уставын сактоо, бардык мамлекеттердин пикирлерин эске алуу жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылууга салым кошуу жоопкерчилиги катары карайт.
Мухриддин Тажикстан Коопсуздук Кеңешинин ишине жарандык куралдуу жаңжалды баштан өткөрүп, аны диалог жана компромисс жолу менен жөнгө салган өлкө катары өз тажрыйбасын сунуштоого ниеттенип жатканын белгиледи.
Ошондой эле министр Тажикстандын Ооганстан менен узун чек арасы бар экенин белгилеп, өлкө чыр-чатактардын алдын алууга, аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга жана региондук кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.
«Биз бул жоопкерчиликке токтоолук жана чечкиндүүлүк менен мамиле кылып жатабыз», — деди Мухриддин.
Мындан тышкары, Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, Кыргызстандын Кеңештин ишине салым кошоруна үмүт билдирди.



